Загрузка документа…
САМАРКАНДЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 25-ноябры № 01-7/26
Самаркандек айыл өкмөтунун Миң-Өрүк участкасына айыл статусун ыйгаруу сунушун берүү жөнүндө
Самаркандек айыл өкмөтүнүн башчысынын билдирүүсүн жана Cамаркандек айыл өкмөтүнүн Миң-Өрүк участкасынын тургундарынын жалпы чогулушунун токтомун карап чыгып, Самаркандек айылдык Кеңешинин IV чакырылышынын кезектеги VI сессиясы күн тартибиндеги маселени карап, талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Самаркандек айыл өкмөтүнүн Миң-Өрүк участкасына айыл статусун ыйгаруу жөнүндө сунуш берилсин.
2. Тийиштүү документтерди даярдап, Баткен райондук мамлекеттик администрациясына жөнөтүү жагы Самаркандек айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы С.Мамаяровага тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Самаркандек айылдык Кеңешинин социалдык-маданий маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Насыров |