Загрузка документа…
КӨК-ЖАҢГАК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 11-ноябры № 25/2
Көк-Жаңгак шаарынын мэринин №118-0 29.10.2015-жылдагы каты жөнүндө
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин депутаттары Көк-Жаңгак шаардын мэри Ж. Юсуповдун кайрылуу катын карап талкуулап Көк-Жаңгак шаардык кеңештин (VI чакырылыштагы) кезектеги ХХV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Арис» программа аркылуу Көк-Жаңгак шаарына бөлүнүп берилген эксковатордун баасына шаардык өздүк салымын кошуу үчүн 150,0 (Бир жүз элүү мин) сом акча каражат 2015-жылдын 9-айдын жыйынтыгы менен жергиликтуу бюджетке пландан сырткары түшкөн акча каражат эсебинен жана 10,0 (он мин) сом акча каражаты коммуналдык муниципалдык департаментинин чыгаша сметасынын эсебинен:
Баардыгы болуп 160,0 (Бир жүз алтымыш миң) сом бөлүнүп берилсин.
2. Токтомдун аткаруу жагы шаардык каржы бөлүмүнүн башчысы Ж.Эргашевге милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомду көзөмөлдөө жагы Көк-Жаңгак шаардык кеңештин бюджет, финансы жана салык маселелер боюнча туруктуу комиссияга (З.Арзыкуловага) тапшырылсын.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | К. Курбанов |