Редакцияот 05.12.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

С.ЮСУПОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

С.Юсупова айылдык кеңешинин 4-чакырык 19-сессиясы

 

2015-жылдын 5-декабры № 19-3

С. Юсупова айыл Өкмөтүнө жогорку органдардан, ишкана-мекемелерден келген токтом, буйрук, каттарды жана айыл тургундарынын арыздарын аткарылышы жөнүндө

Күн тартибиндеги маселе боюнча С. Юсупова айыл өкмөтүнүн иш кагаздарын жүргүзүү боюнча И. Ташполотовдун баяндамасын угуп, жарыш сөзгө чыккан депутаттардын пикирлерин эске алуу менен С. Юсупова айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. С. Юсупова айыл Өкмөтүнө жогорку органдардан, ишкана-мекемелерден келген токтом, буйрук, каттарды жана айыл тургундарынан түшкөн арыздардын аткарылышы жөнүндө айыл Өкмөтүнүн иш кагаздарын жүргүзүү боюнча башкы адиси И. Ташполотовдун билдирүүсү эске алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, укуктук ченемдик актыларынын жана айылдык Кеңештин иш регламентинин негизинде жогорку органдардан, ишкана-мекемелерде келген токтом, буйрук, каттарды жана айыл тургундарынан түшкөн арыздарды өз убагында аткарылышынын камсыз кылып, аткаруу боюнча кабыл алынган чечимдерди так аткаруу боюнча маалыматтарды берип, иш кагаздар менен иштөөнүн мындан ары дагы өркүндөтүү жагы колго алынсын.

3. Жогорку органдардан, ишкана-мекемелерден келген токтом, буйрук, каттарды жана айыл тургундарынан түшкөн арыздар менен иштөөнүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте  аткарылышына көзөмөл кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башкы адиси И.Ташполотовго жүктөлсүн.

4. Жогорку органдардан, ишкана-мекемелерден келген токтом, буйрук, каттарды жана айыл тургундарынан түшкөн арыздарды өз убагында аткарууга албаган айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте тартиптик жаза колдонуу жана өз убагында аткарган кызматкерлерди сыйлоо айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.   

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык округдук Кеңешинин социалдык-маданий, укук тартип, депутаттык этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

Б.Маннанов