С.ЮСУПОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
С.Юсупова айылдык кеңешинин 4-чакырык 19-сессиясы
2015-жылдын 5-декабры № 19-11
С. Юсупова айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы, ФЭБ башчысы жана иш кагаздарын жүргүзүү боюнча башкы адисин сыйлоо жөнүндө
С. Юсупова айылдык Кеёешинин төрагасы Б. Маннановдун айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Н. Кубатовду, ФЭБ башчысы Р. Базарбаевди жана иш кагаздарын жүргүзүү боюнча башкы адиси И. Ташполотовду өздөрүнүн кызматтык милдеттерин ийгиликтүү, ак ниет аткаргандыгы жана айыл Өкмөтүнүн ишмердүүлүгүн жандандырууга кошкон чоң салымдары үчүн сыйлоо жөнүндө сунушун негизинде, Кыргыз Республикасынын «Муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамынын 17-беренесин жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 37-беренесинин 8-пунктун жетекчиликке алып, депуттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен С. Юсупова айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. С. Юсупова айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Н. Кубатов, ФЭБ башчысы Р. Базарбаев жана иш кагаздарын жүргүзүү боюнча башкы адиси И. Ташполотовдорду өздөрүнүн кызматтык милдеттерин ийгиликтүү, ак ниет аткаргандыгы жана айыл Өкмөтүнүн ишмердүүлүгүн жандандырууга кошкон чоё салымдары үчүн эки айлык эмгек акы өлчөмүндө сыйлоо айыл өкмөтүнө сунушталсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу С. Юсупова айыл Өкмөтүнө тапшырылсын.
Төрага | Б.Маннанов |