Загрузка документа…
С.ЮСУПОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 5-декабры № 19-12
Араван айылынын Бабыр көчөсүнүн тургуну Ахмеджанов Марифжон Махамадовичтин айыл өкмөтүнүн мамлекеттик фонд жерлеринен ижарага алган 7,5 га жеринин 2015-жылга болгон ижара акын азайтып, берүү жөнүндөгү арызы жөнүндө
Араван айылынын Бабыр көчөсүнүн тургуну Ахмеджанов Марифжон Махамадовичтин айыл өкмөтүнүн мамлекеттик фонд жерлеринен ижарага алган 7,5 га жеринин 2015-жылга болгон ижара акын азайтып, берүү жөнүндөгү арызын карап чыгып, айыл Өкмөтүнүн жер маселелери боюнча башкы адиси А. Мамаджановдун билдирүүсүн жана депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен С. Юсупова айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Араван айылынын Бабыр көчөсүнүн тургуну Ахмеджанов Марифжон Махамадовичтин айыл өкмөтүнүн мамлекеттик фонд жерлеринен ижарага алган 7,5 га жерин айыл Өкмөтүнүн тоорук аркылуу алгандыгына жана айыл Өкмөтү ижара келишими түзүлгөндүгүнө байланыштуу ижара акын төмөндөтүүгө макулдук берилбесин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айыл Өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Р. Базарбаевге жүктөлсүн.
Төрага | Б.Маннанов |