С.ЮСУПОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
С.Юсупова айылдык кеңешинин 4-чакырык 19-сессиясы
2015-жылдын 5-декабры № 19-13
Айыл Өкмөтүнүн Каррак айылынын тургуну Жусупов Фарходбектин Араван айылындагы А. Сайдахматов атындагы айылдык маданият үйүнүн имаратын арткы жагын өзүнүн эсебинен ремонттоп, муниципалдык менчик катары спорт залын ачып, пайдаланууга берүүнү суранып жазган арызы
Айыл Өкмөтүнүн Каррак айылынын тургуну Жусупов Фарходбектин Араван айылындагы А. Сайдахматов атындагы айылдык маданият үйүнүн имаратын арткы жагын өзүнүн эсебинен ремонттоп, муниципалдык менчик катары спорт залын ачып, пайдаланууга берүүнү суранып жазган арызын карап чыгып, айыл Өкмөтүнүн жер маселелери боюнча башкы адиси А. Мамаджановдун билдирүүсүн жана депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен С. Юсупова айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл Өкмөтүнүн Каррак айылынын тургуну Жусупов Фарходбектин Араван айылындагы А. Сайдахматов атындагы айылдык маданият үйүнүн имаратын арткы жагын өзүнүн эсебинен ремонттоп, муниципалдык менчик катары спорт залын ачып, пайдаланууга макулдук берилсин.
2. Жусупов Фарходбекке Араван айылындагы А. Сайдахматов атындагы айылдык маданият үйүнүн имаратын арткы жагын өзүнүн эсебинен ремонттоп, муниципалдык менчик катары спорт зал ачуу маселеси С.Юсупова айыл Өкмөтүнүн муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттарын жөнгө салуу боюнча түзүлгөн комиссиянын кароосунда каралып, айыл өкмөтү тарабынан архитектуралык-пландаштыруу, курулуш, экологиялык, санитардык-гигиеналык, өрткө каршы жана башка атайын талаптарды (ченемдерди, эрежелерди, нормативдерди) сактоо менен, белгиленген тартипте жер участогунун максаттуу багытына каршы келбеген учурда пайдаланууга берүү жагы сунушталсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин жер, турак-жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.
Төрага | Б.Маннанов |