Загрузка документа…
С.ЮСУПОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 5-декабры № 19-15
Араван айылынын Б. Айдаров көчөсүнүн тургуну Шерматова Угулхан Хамитхоновнанын Араван айылынын М. Султонов көчөсүндөгү табачный коплекс курулуган жеке менчик жер участогун курулуштук багытын өзгөртүп, турак үй курууга уруксат сурап жазган арызы жөнүндө
Араван айылынын Б. Айдаров көчөсүнүн тургуну Шерматова Угулхан Хамитхоновнанын Араван айылынын М. Султонов көчөсүндөгү табачный коплекс курулуган жеке менчик жер участогун курулуштук багытын өзгөртүп, турак үй курууга уруксат сурап жазган арызын карап чыгып, арыз боюнча топтолгон юридикалык документтери үйрөнүп чыгып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 49-беренесинин 6-пункутун жетекчиликке алып С.Юсупова айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Араван айылынын Б. Айдаров көчөсүнүн тургуну Шерматова Угулхан Хамитхоновнанын Араван айылынын М. Султонов көчөсүндөгү табачный коплекс курулуган жеке менчик 833,0 м2 жер участогунун курулуштук багытын өзгөртүп, турак үй курууга макулдук берилсин.
2. Шерматова Угулхан Хамитхоновнага Араван айылынын М. Султонов көчөсүндөгү табачный коплекс курулуган жеке менчик жер участогунун курулуштук багытын өзгөртүп, турак үй куруу маселеси С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттарын жөнгө салуу боюнча түзүлгөн комиссиянын кароосунда каралып, айыл өкмөтү тарабынан архитектуралык-пландаштыруу, курулуш, экологиялык, санитардык-гигиеналык, өрткө каршы жана башка атайын талаптарды (ченемдерди, эрежелерди, нормативдерди) сактоо менен, белгиленген тартипте жер участогунун максаттуу багытына каршы келбеген учурда пайдаланууга берүү жагы сунушталсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин жер, турак-жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу көмиссиясына жана айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.
Төрага | Б.Маннанов |