Загрузка документа…
С.ЮСУПОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 5-декабры № 19-28
Араван айылынын Айбек көчөсүнүн тургуну Алимов Собиржондын Араван Ибн Сина көчөсүнөн жеке менчикке сатып алган менчик турак үйүнүн жер аятын багытын өзгөртүп, коомдук чайкана курууга уруксат сурап жазган арызы жөнүндө
Араван айылынын Айбек көчөсүнүн тургуну Алимов Собиржондын Араван Ибн Сина көчөсүнөн жеке менчикке сатып алган менчик турак үй жайгашкан 878,0 м2 жер аятын багытын өзгөртүп, коомдук чайкана курууга уруксат сурап жазган арызын карап чыгып, арыз боюнча топтолгон юридикалык документтери үйрөнүп чыгып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 49-беренесинин 6-пункутун жетекчиликке алып, С.Юсупова айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Араван айылынын Айбек көчөсүнүн тургуну Алимов Собиржондын Араван Ибн Сина көчөсүнөн жеке менчикке сатып алган менчик турак үй жайгашкан 878,0 м2 жер аятын багытын өзгөртүп, коомдук чайкана курууга макулдук берилсин.
2. Алимов Собиржондын жеке менчик турак үй жайгашкан жерин курулуштук багытын өзгөртүп, аталган жерге коомдук чайкана куруу маселеси С.Юсупова айыл Өкмөтүнүн муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттарын жөнгө салуу боюнча түзүлгөн комиссиянын кароосунда каралып, айыл өкмөтү тарабынан архитектуралык-пландаштыруу, курулуш, экологиялык, санитардык-гигиеналык, өрткө каршы жана башка атайын талаптарды (ченемдерди, эрежелерди, нормативдерди) сактоо менен, белгиленген тартипте жер участогунун максаттуу багытына каршы келбеген учурда мыйзамдаштыруу жагы сунушталсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин жер, турак-жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Б.Маннанов |