Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 20-январы № XXX-1
Ноокат аймактык шайлоо комиссиясын курамына мүчөлүккө талапкерлерди сунуш кылуу жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын мыйзамын, “Шайлоо комиссияларын түзүүнүн жана таркатуунун тартиби жөнүндөгү”, “Шайлоо комиссияларынын резервин түзүүнүн жана аны менен иш алып баруунун тартиби жөнүндөгү” Жоболордун талаптарына ылайык Ноокат шаардык кеңешинин аймагында жайгашкан Курманжан Датка аындагы балдар бакчасынын 2016-жылдын 18-январындагы №1 протоколунун негизинде өткөн эмгек жамааты сунуш кылган Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнө талапкерди талкуулап көрүп Ноокат шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын курамына мүчөлүккө талапкерлерди сунуш кылган Ноокат шаарынын аймагында жайгашкан Курманжан Датка атындагы балдар бакчасынын 2016-жылдын 18-январындагы № 1 протоколун бекитүү менен аталган аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнө Ноокат шаардык кеңешинин тургуну Пулатова Айнура Мурзалиевна талапкерликке сунуш кылынсын.
(Протокол жана башка тиешелүү документтер тиркелет)
2. Токтомду бекитип берүү жагы Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынан суралсын
Төрага | А.Гафаров |