Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 20-январы № XXX-2
Ноокат районунун Бел айыл өкмөтүнүн тургуну Кожоев Абдивахап Медетовичке тиешелүү болгон жер аянтынын багытын өзгөртүү жөнүндө
Ноокат районунун Бел айыл өкмөтүнүн тургуну Кожоев Абдивахап Медетовичке тиешелүү болгон Ноокат шаарына караштуу А.Мирмахмудов атындагы көчөсүндө жайгашкан “Жоролор” чайканасынын ичинен даарыкана деп өзгөртүү киргизүүнү сурап жазган Ноокат шаарынын муниципалдык менчик департаментинин катын жана муниципалдык менчик, өнөр жай, курулуш, экология жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасын карап, суралган жердин пайдалануу багытына өзгөртүү киргизүү максатында Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат районунун Бел айыл өкмөтүнүн Бел көчөсүнүн №43 үйүнүн тургуну Кожоев Абдивахап Медетовичке тиешелүү болгон Ноокат шаарына караштуу Мирмахмудов атындагы көчөсүндө жайгашкан жалпы 420 чарчы метр жер аянтын түзгөн “Жоролор” чайканасынын ичинен 25 чарчы метрин даарыкана деп өзгөртүлсүн.
2. Пайдалануу багытынын аталышына өзгөртүү киргизүү үчүн документтерин даярдоо Ноокат шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментине тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы муниципалдык менчик, өнөр жай, курулуш, экология жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Гафаров |