Редакцияот 19.11.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын V чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги XX сессиясы

 

2015-жылдын 19-ноябры № 20/5

 

Кум-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн аймагындагы айылдарда бош калган 2014-жылдагы каражатты пайдалангандыгы боюнча айыл башчылардын отчёттору (Айыл башчылар Э.Мааткалымов, Н.Акматов, К.Турусбеков жана М.Дүйшөналиевдердин отчёттору)

Депутаттардын V чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынан айылдык кеңешинин депутаттары айыл аймагындагы айылдардын айыл башчылары К.Турусбековдун, К.Турусбековдун, Н.Акматовдун, М.Дуйшоналиевдердин маалымат отчётторун угуп жана талкуулап, депутаттардын Кум-Дөбө айылдык кеңеши,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн аймагындагы айылдардын айыл башчылары бөлүнгөн бош калган 2014-жылдагы каражаттын эсебинен социалдык инфраструктураны  жакшыртууга жумшалган каражаттын туура пайдаланып, аткарган иштерине төмөндөгүдөй баа берилсин.

Кум-Дөбө айыл башчысы К.Турусбеков бөлүнүп берилген каражатты туура пайдаланып келген иштери үчүн “Канааттандыраарлык” деп табылсын.

Бугучу айыл башчысы Н.Акматов бөлүнүп берилген каражатты туура пайдаланууда, келтирилген кемчиликтерден, сын-сунуштардан жыйынтык чыгарып, иштеген иши “Канааттандыраарлык” деп табылсын.

Ак-Жар айыл башчысы М.Дүйшөналиевге бөлүнүп берилген каражатты пайдаланууда, калган акчаны өз убагында жумшоодо келтирилгендиги жана депутаттардын айткан сын-сунуштарды эске алуу менен аткарган ишине “Канааттандыраарлык” деп табылсын.

Шамшы айылынын айыл башчысы Э.Мааткалымовдун жүйөөлүү себеп менен сессияга катышпагандыктан кезектеги сессияда маалымат берүү жагы эскертилсин.

2. Жогорудагы бош калган каражаттар айылдарга бөлүнгөн боюнча мыйзам чегинде кириш-чыгыш эсеби менен тактап, отчёт алуу жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы, башкы эсепчи Б.Тажиевге милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин экономика, финансы, бюджет жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрайым

А.Тургуналиева