КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын V чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги XX сессиясы
2015-жылдын 19-ноябры № 20/7
Кум-Дөбө айылдык кеңешине арыз даттануулар менен келген сунуштарды кароо жөнүндө
Депутаттардын V чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынан айылдык кеңешинин депутаттары, айылдык кеңешинин төрайымы А.Тургуналиева келип түшкөн арыз даттануулар менен сунуштарды кароо жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, депутаттардын Кум-Дөбө айылдык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн аймагындагы айылдардагы тургундар үлүшкө алган жерлерин жана арендага алган жерлерди тактап берүү жагы жер, турак жай жана муниципалдык менчик боюнча адиси Н.Осмоновго жана айыл жер реформасы, айлана чөйрөнү коргоо, курулуш, байланыш боюнча туруктуу комиссиянын төрагасынын орун басары Т.Турдубаевге тапшырылсын.
2. Кочкор-Ата насосунан канча үлүш жер жана аренда жерлер суу менен камсыз болоорун тактап берүү жагы жер, турак жай жана муниципалдык менчик боюнча адиси Н.Осмоновго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин туруктуу комиссиясынан суралсын.
Төрайым | А.Тургуналиева |