Загрузка документа…
МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 8-октябры № 140
Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн 2015-жылдагы бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн 2015-жылдагы бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө маселе айылдык кеңешинин «Финансы экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери боюнча» туруктуу комиссиясында алдын ала каралып, алардын сунуштарынын негизинде Мырза-Аке айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн бюджетинин чыгашалар бөлүгүнө 2015-жылга теёдөөчү гранттын эсебинен – билим берүүнүн 22241100 статьясынан 217400 сом жана 22321100 статьясынан 285000 сом кыскартылып, билим берүүнүн 22154900 статьясына 202400 сом ошондой эле башкаруу аппаратынын 22221100 статьясына – 300000 сом кошумча лимит каралсын.
2. Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн бюджетинин чыгашалар бөлүгүнөн 2015-жылга жергиликтүү бюджетинин эсебинен - башкаруу аппаратынын 22221100 статьясына каралган 80000 сом, билим берүүнүн 22321100 статьясынан 415000 сом, бала-бакчалардын атайын каражатынан 933200 сом жана башкаруу аппаратынын 22154900 статьясынан 325600 сом кыскартылып, ЖКХнын 22154900 статьясынан 99000 сом, билим берүүнүн 22122100 статьясына 42000 сом, 221549 статьясына 37600 сом жана башкаруу аппаратынын 221549 статьясына 236400 сом кошумча лимит каралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин төрагасынын орун басары Б. Тынай уулу милдеттендирилсин.
Төрага | А. Кимсанов |