Загрузка документа…
МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 8-октябры № 143
Мырза-Аке айылынын тургуну А. Акматовду «Айылдын ардактуу Атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндө
Мырза-Аке айылдык кеңешинин (V чакырылыштагы) депутаттарынын кезектеги сессиясы Мырза-Аке айылдык кеңешинин өз алдынча башкаруу жамаатынын «Айылдын ардактуу Атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндөгү жобосуна ылайык (№55 чечим 1997-ж) Мырза-Аке айылынын тургуну А. Акматовду соц маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын корутунду сунушун эске алып, Мырза-Аке айылдык кеңешинин
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн тургуну Абдыкалык Акматов айылдын ар тараптуу өнүгүшүнө кошкон зор салымы, айыл калкынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымы, калк арасында урмат сыйга ээ жакшы сапаттары жана үлгүлүү эмгеги менен башкаларга үлгү көрсөткөндүгү үчүн «Айылдын ардактуу Атуулу» наамы ыйгарылсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин төрагасынын орун басары Тынай уулу Бакытка милдеттендирилсин.
Төрага | А. Кимсанов |