Загрузка документа…
МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 8-октябры № 144
Мырза-Аке айылынын тургуну А. Кимсановду «Айылдын ардактуу Атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндө
Мырза-Аке айылдык кеңешинин (V чакырылыштагы) депутаттарынын кезектеги сессиясыМырза-Аке айылдык кенешинин өз алдынча башкаруу жамаатынын «Айылдын ардактуу Атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндөгү жобосуна ылайык (№55 чечим 1997-ж) Мырза-Аке айылынын тургуну Абдыкерим Кимсановду соц маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын корутунду сунушун эске алып, Мырза-Аке айылдык кеңешинин
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн тургуну Абдыкерим Кимсанов айылдын ар тараптуу өнүгүшүнө кошкон зор салымы, айыл калкынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымы, калк арасында урмат сыйга ээ жакшы сапаттары жана үлгүлүү эмгеги менен башкаларга үлгү көрсөткөндүгү үчүн «Айылдын ардактуу Атуулу» наамы ыйгарылсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин төрагасынын орун басары Тынай уулу Бакытка милдеттендирилсин.
Төрага | А. Кимсанов |