Загрузка документа…
МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 8-октябры № 146
Акыев Турат жөнүндө
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (V чакырылыштагы) депутаттарынын кезектеги XХIII сессиясы Акыев Тураттын жаркын элесине урмат иретинде сүрөтүн борбордук көчөгө илүү боюнча окуткан мугалимдеринин сунушун эске алып, Мырза-Аке айылдык кеңешинин соц. маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп, төмөндөгүдөй
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Республикалык олимпиаданын жеңүүчүсү Акыев Тураттын жаркын элесине урмат иретинде сүрөтүн борбордук көчөгө илүү боюнча окуткан мугалимдеринин сунушу канааттандырылсын.
2. Жыл сайын өзү окуган мектептеги аты коюлган каанада окуучулар арасында эскерүү кечесин өткөрүү жагы мектеп жетекчилигине милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Мырза-Аке айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары Тынай уулу Бакытка милдеттендирилсин.
Төрага | А. Кимсанов |