Загрузка документа…
МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 8-октябры № 148
Жеке менчик турак жай салууга муктаж атуулдарга жер аянтын берүү жөнүндө
Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн аймагында жашап жаткан атуулдардын жеке менчик турак жай салууга муктаждыктарын чечүү үчүн айыл өкмөтүнүн сунушунун Мырза-Аке айылдык кеёешинин айыл чарба, суу чарба, өнөр жай, курулуш, транспорт, байланыш, энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын корутунду сунушун жана Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13-25-беренесин жетекчиликке алып, Мырза-Аке айылдык Кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн аймагында жашап жаткан атуулдардын жеке менчик турак жай салууга муктаждыктарын чечүү максатында айыл чарбасына жараксыз жерлерден :
1. Кара-Кулжа жолунун оё тарабынан – 7,2га
2. Кара-Кулжа жолунун оё тарабынан – 5га
3. Контур №1069 жер участкасынан - 16 га
4. Кандава-Мырза-Аке жолунан Кандава жолунун оң тарабынан 5 га жер аянты жеке менчик турак жай салуу үчүн бөлүнүп берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын КНИИПтин Ош областык филиалынын директору М. Ш. Асилбековдон бүткөрүлгөн башкы планды бекитип берүү жагы, Өзгөн райондук архитектура жана шаар курулуш башкармалыгынын башчысы Сатыбалдыевден суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Мырза-Аке айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары Тынай уулу Бакытка милдеттендирилсин.
Төрага | А. Кимсанов |