Редакцияот 23.11.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (V чакырылыштагы) депутаттарынын кезектеги XХIV сессиясы

 

2015-жылдын 23-ноябры № 149

 

Эсептөө Палатасынан келген аудитордун текшерүүсүнүн жыйынтыгын кароо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Эсептөө Палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад, Баткен областары боюнча аймактык бөлүмүнөн келген аудитордун текшерүүсүнүн жыйынтыгы менен таанышып чыгып, талкуулап төмөндөгүдөй

Т О К Т О М     К Ы Л А Т:

1. Мамлекеттик каражатты максатсыз колдонууга жол бербөө, мындан аркы каражаты пайдаланууну сметада каралган каржы статьялары менен гана жүргүзүү айыл өкмөтүнүн башчысына жана ФЭБ башчысына милдеттендирилсин.

2. Белгиленген инструкциянын негизинде  подотчеттогу кызматкерлерге аванс берүүнү катуу тартипте жүргүзүү жана ай сайын подотчеттогу кызматкерлердин отчеттуулугун текшерип туруу айыл өкмөтүнүн башчысына жана ФЭБ башчысына милдеттендирилсин.

3. Кыргыз Республикасынын 19-июнь 2009-жылдагы №386 “Жайыт акынын бекитилиши боюнча типтүү нускаманын” негизинде жайыт акыны төлөө өлчөмүнүн тууралыгын катуу тартипте сактоо жайыт комитетинин төрагасы К. Матраимовго милдеттендирилсин.

4. Кызматтык автоунаанын күйүүчү майынын каржысынын лимитин катуу тартипте сактоо айыл өкмөтүнүн башчысына жана ФЭБ башчысына милдеттендирилсин.

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Мырза-Аке айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары Бакыт  Тынай уулуна  милдеттендирилсин.

 

Төрага

А. Кимсанов