Редакцияот 14.12.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (V чакырылыштагы) депутаттарынын кезектеги XХV сессиясы

 

2015-жылдын 14-декабры № 153

 

Билим берүү мекемелеринин окуу-тарбиялык жана башка алып барган иштери жөнүндө

Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (V  чакырылыштагы ) депутаттарынын кезектеги XXV сессиясы аталган маселени карап, Мырза-Аке айылдык Кеңешинин социалдык маселелелер жаштар жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсү менен таанышып, билим берүү мекемелеринин жетекчилеринин кошумча маалыматтары менен таанышып чыгып, төмөндөгүдөй

Т О К Т О М    К Ы Л А Т:

1. Мырза-Аке айыл өкмөтүнө караштуу №4 М.Нурбаево.м, № 20 А.Калмурзаев о.м, жана К. Раимбеков мектеп-гимназиясынын жүргүзгөн окуу-тарбиялык иштери канааттандыраарлык деп табылсын.

2. Аталган билим берүү мекемелеринде материалдык-техникалык базасын чыёдоо боюнча жүргүзгөн алгылыктуу иштери белгиленсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары Б,Тынаевичке милдеттендирилсин.

 

Төрага

А. Кимсанов