Загрузка документа…
МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 30-декабры № 15-7-1
Майлуу-Суу шаарынын 2015-жылдын жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн такталган планы жөнүндө
Майлуу-Суу шаарынын каржы бөлүмүнүн 2015-жылдын 20-декабрдагы №109 “Майлуу-Суу шаарынын 2015-жылдын жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн такталган планы жөнүндө” катын, докладын угуп, талкуулап чыгып, депутаттардын сунуштарын эске алып, Майлуу-Суу шаардык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Майлуу-Суу шаарынын каржы бөлүмүнүн 2015-жылдын 20- декабрдагы №109 “Майлуу-Суу шаарынын 2015-жылдын жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн такталган планы жөнүндө” катын, докладын угуп, талкуулап чыгып, депутаттардын сунуштары эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө мыйзамынын 15, 46 беренесинин негизинде каржы бөлүмүнүн жетекчиси Райимбекова Г.С. жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн 2015-жылда өзгөрүүлөрдү жана такталган пландарды жүргүзгөнгө жана жылдын аягында бюджеттик иш каналардын сметасында каралган акча каражаттардын экономиясынын эсебинен бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн план көрсөткүчтөрүн өзгөртүүгө уруксат берилсин.
3. Майлуу-Суу шаарынын мэринин милдетин аткаруучу (З.Расуловго), каржы бөлүмүнүн жетекчиси (Г.С.Райимбековага) 2016-жылдын чыгаша бөлүгүн каржылоонун алдында, 2015-жылдын бюджеттик көрсөткүчтөрүнүн азайышы эске алынып макулдашуу менен иш алып барылсын.
4.Ушул токтом катталсын жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
5.Токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
6.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин бюджет, каражат жана инвестицияларды тартуу боюнча комиссиясына (А.Оморов) жана мэрдин милдетин аткаруучу (З.Расулов) жүктөлсүн.
Төрага | Р.К.Бакалаев |
|
|