Загрузка документа…
КӨК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 21-декабры № 32/2
Көк-Таш айылдык маданият үйүнө обончу жана аткаруучу, 1-Май, Көк-Таш айылдык аймактарынын Ардактуу атуулу, чыгаан педогог - Артыкбаев Абдиллааким Эрмекбаевичтин ысымын ыйгаруу жөнүндө
Айылдык Кеңештин депутаты А.Сатаров жергиликтүү калктын жана Ала-Бука райондук маданият бөлүмүнүн сунушу менен Көк-Таш айылдык маданият үйүнө обончу жана аткаруучу, КРнын “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгисинин ээси, 1-Май жана Көк-Таш айылдык аймактарынын Ардактуу атуулу, чыгаан педогог-Артыкбаев Абдиллааким Эрмекбаевичтин ысымын ыйгаруу маселеси боюнча депутаттарга билдирүү жасады.
Жогорудагы маселени угуп жана талкуулап, Көк-Таш айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын маданият тармагына кошкон бараандуу салымын эске алуу менен жергиликтүү калктын жана Ала-Бука райондук маданият бөлүмүнүн сунушу менен Көк-Таш айылдык маданият үйүнө обончу жана аткаруучу, КРнын “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгисинин ээси, 1-Май жана Көк-Таш айылдык аймактарынын Ардактуу атуулу, чыгаан педогог-Артыкбаев Абдиллааким Эрмекбаевичтин ысымын ыйгарууга макулдук берилсин.
2. Аталган токтом Жалал –Абад облустук “Акыйкат” коомдук –саясий гезитине жарыялансын.
3. Токтомду расмий жарыялоо жана кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы айылдык аймактын айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Ысым ыйгарууга керектелүүчү тийиштүү иш кагаздарын даярдоо, мамлекеттик жогорку органдардан макулдук алуу жактары А.Артыкбаевдин үй-бүлөсүнө тапшырылсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары А.Азимовго милдеттендирилсин.
Төрага | С.Кабылов |
|
|