Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 20-январы № 25-3
Ат-Башы айылынын тургуну Т.Сыдыковдун кайрылуусу жөнүндө
Ат-Башы айылынын тургуну Т.Сыдыковдун кайрылуусун угуп жана талкуулап, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ат-Башы айылынын тургуну жеке ишкер Т.Сыдыковго күнөскана куруу үчүн Ат-Башы айылынын күн чыгыш тарабынан 20 (жыйырма) сотых жер тилкеси бөлүнүп берилсин, бөлүнүп берилген жерди өз максатында пайдалануу жагы Т.Сыдыковго милдеттендирилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөттүн башкы адиси Асанкул. У. Рахатка тапшырылсын.
3. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, «Ат-Башы жаңылыктары» гезитине жарыялоого сунушталсын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Төрага | К.Айдыралиев |
|
|