Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 20-январы № 25-5
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 2016-жыл үчүн иш планын бекитүү жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 2016-жыл үчүн иш планын бекитүү максатында Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 2016-жылга иш планы бекитилсин (тиркеме №1 тиркелет).
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Т. Иманбердиевага тапшырылсын.
3. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп , «Ат-Башы жаңылыктары» гезитине жарыялоого сунушталсын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Төрага | К.Айдыралиев |
|
|
Долбоор
№ | Каралуучу маселелердин мазмуну | Аткаруу мөөнөтү | Аткарууга жооптуулар |
1 | Айылдык Кеңештин 2016-жылга иш планын бекитүү | 1-квартал | Айыл өкмөттүн жооптуу катчысы Т.Иманбердиева |
2 | 2015-жыл ичиндеги айыл өкмөт башчысынын жасаган иштери тууралуу отчетун угуу | 1-квартал | Айыл өкмөт башчысы К. Чоробеков |
3 | Айыл өкмөттүн 2015-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2016-жыл үчүн бюджетти бекитүү | 1-квартал | Туруктуу комиссиянын төрагасы М.Жамашев, Айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтери Т.Жусубалиев |
4 | Айылдын жашылдандыруу - көрктөндүрүү, тазалык иштеринин жүрүшү, арык, канал, өткөөлдөрдүн абалы , базардагы сатылган эт, сүт азыктарынын абалы жөнүндө. | 2-квартал | Айыл өкмөттүн башчысынын орун басары К.Жапаров, «көрктүү аймак» ишканасы, СЭСтин башкы дарыгери Ж.Токтобекова, вет башкармалыктын башчысы А.Маданбеков
|
5 | Айылда жазгы айдап-себүү, жана сугат иштеринин абалы жөнүндө. | 2-квартал | Айыл өкмөттүн жер адиси К.Асаналиев, туруктуу комиссиянын төрагасы Б.Ибраев, райондук суу чарба башкар-н башчысы Турсунаалы. у.А |
6 | Жер бөлүштүрүү, айыл чарба жана экология боюнча иштердин абалы, көчүп конуу жана жайыттардын абалы жөнүндө | 2-квартал | Айыл өкмөттүн жер адиси К.Асаналиев, туруктуу комиссиянын төрагасы Б.Ибраев |
7
| 2016-жыл «Тарых жана маданият» жылына карата айылдын аймагындагы «Жеңиш» паркын жана С.Андабеков атындагы маданий комплексинин абалы, айлана чөйрөсүн көрктөндүрүү, жакшыртуу иштери жөнүндө
| 2-квартал
| Айыл өкмөттүн башчысынын орун басары К.Жапаров
|
8 | Курулуш, транспорт, өнөр жай, соода-сатык, энергетика , турак жай жана өзгөчө кырдаалдар боюнча иштердин абалы жөнүндө( соода- сатык түйүндөрүнүн жайгашуусунун мыйзамдуулугун карап чыгуу, жайгашуунун себебин аныктоо), «Береке» базарындагы көчөлөрдө, тротуарларларда жайгашкан соода-сатык жүргүзгөндөрдү ирээтке келтирүү жана көчүрүү боюнча иш чаралар жөнүндө. |
3-квартал | Айыл өкмөттүн кызматкерлери, Асанкул уулу Рахат, туруктуу комиссиянын төрагасы И.Бейшеналиев, райондук архитектуранын башчысы М.Муталипов, Экотех инспекциянын Ат-Башы району боюнча инспектору Б.Жумабаев |
9 | 2016-жылдын биринчи жарым жылдыгы үчүн айыл өкмөт башчысынын жасаган иштери тууралуу отчетун угуу | 3-квартал | Айыл өкмөт башчысы К. Чоробеков |
10 | Айылда жашаган жетим, жарым жетим, ошондой эле мигранттардын балдары жана балдарга карата көрсөтүлгөн зордук зомбулукту алдын алуу боюнча жүргүзүлгөн иштер жөнүндө. | 3-квартал | Айыл өкмөттүн жетектөөчү адиси К.Казиева,туруктуу комиссиянын төрагасы Ж.Курмангалиев |
11 | Айылда күзгү оруп-жыйуунун жыйынтыгы жөнүндө. | 4-квартал | Айыл өкмөттүн жер адиси К.Асаналиев, туруктуу комиссиянын төрагасы Б.Ибраев,жайыт комитетинин башчысы.
|
12 | Айыл өкмөтүнө караштуу мектептердин, бала-бакчалардын, айыл тургундарынын кышка карата даярдыктары жөнүндө | 4-квартал | Айыл өкмөттүн башчысынын орун басары К.Жапаров |
13 | Мыйзамдуулук, укук тартибин чыңдоо, депутаттык мандат, этика жана дин иштеринин абалы жөнүндө | 4-квартал | Туруктуу комиссиянын төрагасы К.Койчуманов |
Айылдык кеңештин жооптуу катчысы | Т.Иманбердиева |