Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 20-январы № 25-7
Ат-Башы айылдык Кеңешинин депутаты К.Койчумановдун сунушу жөнүндө
Ат-Башы айылдык Кеңешинин депутаты К.Койчумановдун сунушун угуп жана талкуулап, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жазгы айдап себүүгө карата дыйкандарды колдоо максатында, акыркы убакта дүйнөлүк рынокто күйүүчү майлоочу майлардын баасы төмөндөп жаткандыгына байланыштуу, күйүүчү майлоочу майлардын баасын арзандатып берүү жагын өтүнүп,тиешелүү министирликтерге кайрылуу кат жөнөтүлсүн.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөттүн башчысы К.Чоробековго тапшырылсын.
3. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, «Ат-Башы жаңылыктары» гезитине жарыялоого сунушталсын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Төрага | К.Айдыралиев |
|
|