Редакцияот 10.12.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ат-Башы айыл аймагынын  айылдык Кеңешинин депутаттарынын кезексиз  ХХIII сессиясы

 

2015-жылдын 10-декабры № 23-1

Ат-Башы айыл өкмөтүнө караштуу мектептердин, бала бакчалардын, айыл тургундарынын кышка даярдыктары  жөнүндө

Ат-Башы айыл өкмөтүнө караштуу мектептердин, бала бакчалардын, айыл тургундарынын кышка даярдыктары  жөнүндөгү, айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары К.Жапаровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңеши 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ат-Башы айыл өкмөтүнө караштуу мектептердин, бала бакчалардын, айыл тургундарынын кышка даярдыктары  жөнүндөгү, айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары К.Жапаровдун билдирүүсү эске алынсын.

2. Ат-Башы айылындагы Карыбек.у.А, К.Мамбеталиев, А.Керимбаев атындагы  орто мектептерди, көмүр менен толук  камсыз кылуу иштерин 2015-жылдын 25-декабрына чейин бүткөрүү жагы айыл өкмөттүн башчысы К.Чоробековго тапшырылсын. 

3. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, «Ат-Башы жаңылыктары» гезитине жарыялоого сунушталсын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

                    

Төрага

К.Айдыралиев