Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 10-декабры № 23-6
Мамлекеттик салык кызматынын Ат-Башы району боюнча башкармалыгынын 2015-жылдын 03-декабрындагы чыгыш № 08-1558 сандуу каты жөнүндө
Мамлекеттик салык кызматынын Ат-Башы району боюнча башкармалыгынын 2015-жылдын 03-декабрындагы чыгыш № 08-1558 сандуу каты жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн жетектөөчү адиси Г. Миңбаеванын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 339-беренисине ылайык айыл чарба багытындагы эмес жерлердин, жер тилкесин пайдаланууга Кз зоналдык коэффиценти айылдык Кеңештин 2013-жылдагы токтому боюнча өзгөрүүсүз калтырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын «Салык эмес төлөмдөр» жөнүндөгү мыйзамынын 12-1 беренесине ылайык тазалык жыйым ар бир түтүнгө 100 (жүз) сомдон , аз камсыз болгон үй бүлөөлөргө 50 (элүү) сомдон бекитилсин, ошондой эле I, II топтогу ден- соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген майыптарга жеңилдик берилсин.
3. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, «Ат-Башы жаңылыктары» гезитине жарыялоого сунушталсын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын колго алуу жагы айыл өкмөттүн киреше жана жыйымдар боюнча жетектөөчү адиси Г.Миңбаевага милдеттендирилсин.
Төрага | К.Айдыралиев |
|
|