Редакцияот 10.12.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ат-Башы айыл аймагынын  айылдык Кеңешинин депутаттарынын кезексиз  ХХIII сессиясы

 

2015-жылдын 10-декабры № 23-7

Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн финансы- экономика бөлүмүнүн башчысы Т. Жусубалиевдин сунушу жөнүндө

Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн финансы- экономика бөлүмүнүн башчысы Т. .Жусубалиевдин сунушун угуп  жана талкуулап, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңеши 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн эсебине  чет элдик жарандардын аң уулоосунан түшкөн 138 (бир жүз отуз сегиз) миң сом акча каражаты  Ат-Башы айылындагы жаңы курулуп  баштаган  бала бакчанын курулушуна которулсун.

2. Бөлүнгөн акча каражаты менен өз убагында камсыздоо жагы айыл өкмөттүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Т. .Жусубалиевге  милдеттендирилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Чоробековго тапшырылсын.

4. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, «Ат-Башы жаңылыктары» гезитине жарыялоого сунушталсын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

                    

Төрага

К.Айдыралиев