Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 30-декабры № 24-1
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары К.Асизовдун 2015-жыл 18-декабрындагы чыгыш № 03-072464 сандуу каты жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары К.Асизовдун 2015-жыл 18-декабрындагы чыгыш № 03-072464 сандуу кайрылуусун угуп жана талкуулап, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 10-декабрь 2015-жылдагы кезектеги XXIII- сессияда мектеп, бала бакчаларды көмүр менен өз убагында камсыз кылуу үчүн, 25-декабрга чейин мөөнөт берилгенден кийин көптөгөн аракеттерди жазап, жеке ишкерди укук коргоо органдарына берип бүгүнкү күнгө мектептерге, бала бакчаларга 880,5 тонна көмүр түшүрүлүп 85,5 % камсыз кылганы эске алынсын.
2. Калган 149,5 тонна көмүрдү 2016-жылдын февраль айына чейин тарттырып келүү жагы айыл өкмөт башчысы К.Чоробековго тапшырылсын.
3. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, «Ат-Башы жаңылыктары» гезитине жарыялоого сунушталсын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрага | К.Айдыралиев |
|
|