Загрузка документа…
МИҢ-КУШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 11-июну № 62
Миң-Куш айылындагы 16-аянтчанын «Мир» маданият үйүнө Акматалиев Эмилбектин ысымын ыйгаруу жөнүндө
Миң-Куш айыл аймагындагы 16-аянтчанын «Мир» маданият үйүнө Эмилбек Акматалиев атын ыйгаруу жөнүндө Миң-Куш айылынын тургуну Дөкөналиев Абылмежиндин жана Акматалиев Рахаттын кайрылуусу боюнча, Миң-Куш айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын XIX сессиясы угуп жана талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Миң-Куш айыл аймагына караштуу 16-аянтчанын «Мир» маданият үйү Эмилбек Акматалиев атындагы маданият жана жаштар үйү деп аталсын.
2. Ушул токтом jumgal.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Миң-Куш айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн - башчысы Р.Т. Кожомуратовго жүктөлсүн.
Төрайым | Ж.Б.Шералиева |
|
|