Загрузка документа…
ЖАН-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 5-апрели № 5
Жан - Булак айыл өкмөтүнүн 2012 – жылдагы бюджетинин аткарылышы 2013 – жылга карата айыл өкмөтүнүн бюджетин бекитүү жөнүндө. Достук айыл өкмөтүнүн 63 га суу баскан, 125 га кайрак жана 1167 га ички жайыт жерин Достук айыл аймагына чечип берүү жөнүндө.
Куланак токой чарба бөлүмүнүн башчысынын 3 га жердин ичинен 1 га жерге курулуш куруу жөнүндө суранган арызы жөнүндө. А. Жутакеев атындагы орто мектебинин мугалимдер жамаатынын суу баскан аянттан аукционго катыштырбастан туз жол менен жер берүү жөнүндө. Нарын Райондук мамлекеттик салык инспекциасынын тазалык жана справка жыйымын баасын аныктоо. Малчылардын көчүп конуусу жана айдоо аянтына корукка тушкөн малга штраф салу баасын аныктоо.
Жан - Булак айылдык кеңешинин төрагасы Р. Акуов сессияны ачып кун тартибиндеги биринчи маселе боюнча Жан - Булак айыл өкмөтүнүн финансы – экономикалык бөлүмүнүн Ж. Эсенкановага сөз берди.
Жогорудагы маселелерди карап чыгып талкуулап Жан - Булак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Жан - Булак айыл өкмөтүнүн 2012 - жылдагы бюджетинин аткарылышы жактырылып, 2013 – жылга карата айыл өкмөтүнүн бюджети бекитилсин.
- Достук айыл өкмөтүнүн 2013 – жылдын 28 – февралындагы №9\2 катындагы 63 га суу баскан,125 га кайрак 1167 га жайыт Жан - Булак айыл өкмөтүндө калтырылып Достук айыл өкмөтунө эки тараптуу келишимдин негизинде арендага берүү жагы каралсын.
- Куланак токой чарба бөлүмүнүн башчысынын арызы каралып жэр мыйзамына туура келбегендиктен 1 га жер токой чарбасына берилбесин.
- А. Жутакеев атындагы орто мектебинин жамааты суу баскан аянтынан аукционго катыштырбастан түз жолу менен жер беруу мыйзамга туура келбегендиктен, мындан сырткары мурунку жылдары мектептин жери бар экендигин, анны мурунку директор Б. Белеков башка бирөөгө менчикке берип жибергендигин эске алып мектеп жамаатынын арызы канааттандырылбасын
- Жан - Булак айыл өкмөтүнүн тазалык жыйымынын басы 5 сомдон ал эми, мал, семья, жер жашагындыгы тууралуу справкалардын басы 5 сомдон мал сатуу справкасы бодо малга 50 сомдон, кой эчкиге 10 сомдон бекитилсин.
- Малчылар ички жайытка 10 – апрельден 20 – апрельге чейин көчүп чыгуусу, ал эми алыскы жайытка 1 – июльга чейин көчүп кетуусу, көчүп келуу 25 – сентябрдан бери көчүп келбөөсу бекитилсин.
Төрага | Р. Акунов |
|
|