Загрузка документа…
ОН-АРЧА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVI шайланган депутатардын Он-Арча айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XVI сессиясы
2015-жылдын 8-октябры № 16/1
Айылды Инвестициялоо Долбоору 3 долбоору боюнча Он- Арча айыл аймагындагы айыл өкмөтүндөгү конкурстук коммисиянын чечимин бекитүү жөнүндө
Айылды Инвестициялоо Долбоору 3 долбоорунун негизинде Он- Арча айыл аймагындагы Эчки- Башы айылына жаӊы ФАП куруу жана Оттук айылындагы Ж. Мамбеталиев атындагы клубду ремонттоо боюнча конкурстук коммисиянын чечимин бекитүү максатында XXVI шайланган депутаттардын Он-Арча айылдык Кеңешинин XVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Он-Арча айыл аймагындагы Эчки- Башы айылына жаӊы ФАП куруу жана Оттук айылындагы Ж. Мамбеталиев атындагы клубду ремонттоо боюнча конкурстук коммисиянын чечими бекитилсин.
2. Он-Арча айыл аймагындагы Эчки- Башы айылына жаӊы ФАПты куруу жана Оттук айылындагы Ж. Мамбеталиев атындагы клубду ремонттоо иштерин Айылды Инвестициялоо Долбоору 3 долбооруна сунушталсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жумушчу топко тапшырылсын.
Төрага | М. Босунов |
|
|
|
|