Загрузка документа…
ОН-АРЧА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVI шайланган депутатардын Он-Арча айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XVI сессиясы
2015-жылдын 8-октябры № 16/2
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ысык-Көл жана Нарын областары боюнча аймактык бөлүмү тарабынан Он-Арча айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 01.01.2013-жылдан 31.12.2014- жылга чейинки финансылык чарбасын текшерүүдөгү, келтирилген кемчиликтерди калыбына келтирүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ысык-Көл жана Нарын областары боюнча аймактык бөлүмү тарабынан Он-Арча айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 01.01.2013-жылдан 31.12.2014- жылга чейинки финансылык чарбасын текшерүүдөгү,келтирилген кемчиликтерди калыбына келтирүү боюнча угуп жана талкуулап XXVI шайланган депутатардын Он-Арча айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Он-Арча айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 01.01.2013-жылдан 31.12.2014-жылга чейинки финансылык чарбасын текшерүүдөгү,келтирилген кемчиликтерди калыбына келтирүү боюнча жана сарай ээлери менен эсептешип 311.6 миң сомду айыл өкмөттүн бюджетине өндүрүлсүн.
2. Бул токтомду аткаруу жагы Он-Арча айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн салык адиси Асангазы кызы Назгүл жана Г.Койчумановага,жер адиси К.Турсуновго жайыт комитети Т.Асанбековго тапшырылсын.
3. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы туруктуу комиссияга (төр:Д.Турганбаев) айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы М.Болотбековго жүктөлсүн.
Төрага | М. Босунов |
|
|
|
|