Загрузка документа…
МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Момбеков айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын 24-сессиясы
2015-жылдын 28-декабры № 1
Момбеков айыл аймагындагы кайра бөлүштүрүү фондунун жана мелиоративдик даярдыктагы жерлеринин 2016-жылга карата ижара акысын бекитүү жөнүндө
Агрардык маселелер боюнча туруктуу комитетинин маалыматын угуп жана талкуулап, Момбеков айылдык Кеңешинин XXVI – чакырылышынын 23-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Агрардык маселелер боюнча туруктуу комитетинин маалыматы эске алынсын.
2. 2016-жылга кайра бөлүштүрүү фондунун жерлеринин ижара акыларынын төлөмү 2015-жылда бекитилген тарифтери боюнча өзгөртүүсүз калтырылсын.
3. Кайра бөлүштүрүү фондунун 365 гектар жер аянты бир гектары орточо эсеп менен 3065,75 сомду түзөт, жалпысы 1 119 000 сом жана мелиоративдик даярдыктагы 186 гектар жер аянты бир гектары орточо эсеп менен 838,71 сомду түзөт жалпысы 156 000 сом. КБФнын жана МПнын бир жылдык ижара акысы 1 275 000 сом болуп 2016-жылдын бюджетине бекитилсин.
4. КБФнын жана МПнын ижара акылары боюнча тарифтерин райондук каржы бөлүмүнө тапшыруу жана 2016-жылдын бюджетине киргизүү жагы ФЭ бөлүмүнүн башчысы Ч. Төлөновага милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын козомолдоо жагы агрардык маселелер боюнча туруктуу комитетинин төрагасы А. Сейитканов жана финансы жана бюджет боюнча туруктуу комитетин төрайымы Ж. Сейитовага жүктөлсүн.
Төрага | К.М.Мамыров |
|
|
|
|