Загрузка документа…
МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Момбеков айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын 24-сессиясы
2015-жылдын 28-декабры № 3
Момбеков айыл Өкмөтүнүн башчысы Д. Төрөкановдун инфраструктураларды кармоо жана өнүктүрүү фондунан түшкөн каражаттар боюнча билдирүүсү жөнүндө
Айыл Өкмөтүнүн башчысы Д. Төрөкановдун инфраструктураларды өнүктүрүү фондунан түшкөн каражаттар боюнча билдирүүсүн угуп жана талкуулап Момбеков айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын 24-сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Момбеков айыл Өкмөтүнүн башчысы Д. Төрөкановдун инфраструктураларды өнүктүрүү фондунан түшкөн каражаттар боюнча билдирүүсү эске алынсын.
2. Ноокен райондук каржы бөлүмүнүн 15.12.2015-ж №01-8 /122 жана Кыргыз Республикасынын Каржы Министрлигинин 2015чи жылдын 11-декабрындагы №14-02-2/13450 сандуу катында инфраструктураларды кармоо жана өнүктүрүү фондунан тушкөн каражатардын 20% ын жергиликтүү бюджетке жана республикалык бюджетке 80 %ын чегерилүүсү сунушталган каты боюнча Момбеков айылдык Кеңешинин туруктуу комиссияларынан жана аткаруу бийлигинин жооптуу кызматкерлеринен комиссия курамы түзүлсүн.
3. Түзүлгөн комиссия курамынын өкүлү, Жогорку Кеңешке жана тийешелүү органдарга кайрылып инфраструктураларды өнүктүрүү фондунан түшкөн жергиликтүү каражаттарды мыйзам чегинде чечип келүү жагы милдеттендирилсин.
4. Бишкек шаарына бара турган комиссия курамына жергиликтүү бюджеттен сапар чыгымы төлөнүп берилсин.
5. Сапар чыгымын төлөп берүү жагы Момбеков айыл Өкмөтүнүн башчысы Д.Төрөкановго, каржы -экономикалык бөлүмүнүн башчысы Ч.Төлөновага милдеттендирилсин.
Төрага | К.М.Мамыров | ||
|
|
| |
|
|
| |