Редакцияот 29.04.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЗЕРГЕР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Зергер айылдык Кеңешинин (5-чакырылыш) 9-сессиясынын заседаниеси

 

2014-жылдын 29-апрелиндеги № 43

Зергер жайыт комитетинин бюджетин жана жайыт пайдалануу боюнча пландарын бекитүү жөнүндө

«Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесин жана .«Жайыттар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесин жетекчиликке алып, жайыт пайдалануу боюнча пландарын талкуулап Зергер айылдык Кеңешинин кезексиз 9-сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.  Зергер жайыт комитетинин 2014-жылга сунушталган бюджетинин сметасы бекитилсин.

2.  Жергиликтүү Зергер жайыт пайдалануучулар бирикмесинин мүчөлөрү үчүн жайыт акынын төлөмдөрү төмөнкүдөй өлчөмдө жүргүзүлсүн:

- ички жана жакынкы жайыттарды пайдалануу үчүн:

Кара мал, топоздун бир башына - 25 сом.

Кой, эчкинин бир башына - 5 сом.

Жылкы, тоонун бир башына - 25 сом өлчөмүндө бекитилсин.

- Алыскы   Тегерек,   Супа,   Бактыбай,   Айырылма   жана Эчкитал жайыттарын пайдалануу үчүн:

Кара мал, топоздун бир башына - 50 сом.

Кой, эчкинин бир башына - 10 сом.

Жылкы, төөнүн бир башына - 50 сом өлчөмүндө бекитилсин.

3.  Зергер жайыт пайдалануучулар бирикмесинин мүчөлөрүнөн сырткаркы жайыт пайдалануучулар үчүн жайыт акынын өлчөмү төмөндөгүдөй жүргүзүлсүн:

Кара мал, топоздун бир башына - 100 сом.

Кой, эчкинин бир башына -20 сом.

Жылкы, төөнүн бир башына - 100 сом.

4.  Ал эми убактылуу жайыт пайдалангандар үчүн 1 (бир) короого күнүнө 500 (беш жуз) сом жайыт акы алынсын.

5.  Зергер жайыт комитетинде пайдалануудагы жерлердин жер салыгы Зергер айылдык аймагынын бюджетине чегерилсин.

6. Токтомдун аткарылышын жайыт комитетинин төрагасы М. Абдыллаевге милдеттендирилсин.            

 

Төрага

 

Т.Ибраимов