Загрузка документа…
САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 19-октябры № 3
Сакалды айыл өкмөтүнүн бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Күн тартибиндеги маселе боюнча Сакалды айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысынын маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, Сакалды айылдык кеӊешинин ХХVI чакырылышынын кезексиз XVII сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ: 1. Сакалды айыл өкмөтүнүн аймагында жашаган атуулдардын биометрикалык маалыматтарын жыйноого жана 2015- жылдын 4-октябрында болуп өткөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин жаӊы чакырылыштагы депутаттарын шайлоону өткөрүүгө кеткен чыгымдар боюнча Сакалды айыл өкмөтүнүн 2015-жылга түзүлгөн бюджеттин сметасынын чыгаша бөлүгүнө өзгөртүүлөр киргизилсин. 2. Сакалды айыл өкмөтүнүн 2015-жылга түзүлгөн сметасынын чыгаша бөлүгүнүн түрдүү чыгымдар статьясына 51300 (Элүү бир мин үч жуз ) сом акча каражаты боюнча өзгөртүү киргизилсин. Биометрикалык маалыматты топтоо үчүн 29000 (Жыйырма тогуз миӊ) сом, шайлоо өткөрүү үчүн 22300 (Жыйырма эки миӊ үч жүз) сом өзгөртүү киргизилсин. 3. Токтомдун аткарылышын камсыздоо Сакалды айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнун башчысы А.Турганбаевага милдеттендирилсин. 4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Сакалды айыл өкмөтүнүн башчысы М.Султановго милдеттендирилсин.
|
| ||
|
|