Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016 жылдын 22 июну № 01-05/ 255
Мамажанов Тавакалжандын арызы жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги XXXVII сессиясы, Кочкор-Ата шаарынын тургуну Саратов көчөсүнүн №24 үйүнүн тургуну Мамажанов Тавакалжандын Октябрьская көчөсүндөгү иштетип жүргөн ашканасынын пайдалануу багытын дүкөн үчүн өзгөртүүгө уруксат сураган арызын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31-беренесине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-майындагы №252 токтому менен бекитилген Жобого жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы №571 токтому менен бекитилген типтүү Жобого негиз
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаарынын Саратов көчөсүнүн №24 үйүнүн тургуну Мамажанов Тавакалжандын арызы канааттандырылсын.
2. Пайдалануу багытын өзгөртүүгө бардык иш- кагаздарды даярдап берүү жагы райондук шааркурулушу жана архитектура Башкармасынан суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин «Муниципалдык менчик, жер, өнөр жай, курулуш жана энергетика маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин .
Кочкор-Ата шаардык кеӊешинин төрагасы |
Ж.Токтосунов |