Редакцияот 22.06.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2016 жылдын 22 июну № 01-05/ 258

Кочкор-Ата шаарынын аялдар кеңешинин төрайымы А.Акматованын кайрылуусу жөнүндө

 Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги XXXVII сессиясы, Кочкор-Ата шаарынын аялдар Кеңешинин төрайымы А.Акматованын КР ПЖ “ 2016-жыл- тарых жана маданият жылы” деп жарыялангандыгына байланыштуу, 31-август-КР Эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгын, үркүндүн 100 жылдыгын жогорку деңгээлде уюштуруу, шаар тургундарынын той-тамаша, жаман-жакшы иштеринде шарт түзүү максатында, шаардын жети кварталына алынган боз үйлөрдүн жасалгасына шаардык Кеңештин резерв Фондунан акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө кайрылуусун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 112-беренесине жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31-беренесине негиз

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кочкор-Ата шаарынын аялдар Кеңешинин төрайымы Акматова Анипакан Туменбаевнанын кайрылуусу эске алынсын.

2. Шаардын жети кварталына алынган ар бир боз үйдү жасалгалоого 5000(беш миң) сомдон , жалпысынан 7 кварталга 35 000 (отуз беш миң) сом акча каражаты Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин түрдүү чыгымынан бөлүнүп берилсин.

3. Акча каражатын бөлүп берүү шаар мэри К.М.Эгембердиевге жана шаар мэриясынын каржы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Ж.Мамбеткуловага милдеттендирилсин.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин «Бюджет, каржы, экономика, салык жана инвестиция тартуу маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Кочкор-Ата шаардык

Кеӊешинин төрагасы

 

Ж.Токтосунов