БАЛЫКЧЫ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 22-июну № 01-05/ 259
Кочкор-Ата шаарынын кварталдарына боз үй жасатуу жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги XXXVII сессиясы, Кочкор-Ата шаарынын мэри К.М.Эгембердиевдин КР ПЖ “ 2016-жыл- тарых жана маданият жылы” деп жарыялангандыгына байланыштуу, 31-август-КР Эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгын, үркүндүн 100 жылдыгын жогорку деңгээлде уюштуруу, шаар тургундарынын той-тамаша, жаман-жакшы иштеринде шарт түзүү максатында, шаардын жети кварталынын ар бирине бирден темирден боз үй жасатуу үчүн акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө кайрылуусун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 112-беренесине жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31-беренесине негиз
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаарынын мэри К.М.Эгембердиевдин кайрылуусу эске алынсын.
2. Шаардын жети кварталына ар бирине бирден боз үйдү 18 500 (он сегиз миң беш жүз) сомдон жасатуу үчүн, жалпысынан 7 кварталга 129500 (бир жүз жыйырма тогуз миң беш жүз) сом акча каражаты жыл башында калган калдыгынын эсебинен бөлүнүп берилсин.
3. Акча каражатын бөлүп берүү шаар мэри К.М.Эгембердиевге жана шаар мэриясынын каржы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Ж.Мамбеткуловага милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин «Бюджет, каржы, экономика, салык жана инвестиция тартуу маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кочкор-Ата шаардык Кеӊешинин төрагасы |
Ж.Токтосунов |