КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 22-июну № 01-05/ 261
Толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын 2015-жылдын 30-мартындагы кезектеги XXV сессиясынын № 01-05/152 токтомуна «Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 17-беренесине ылайык толуктоолорду киргизүү максатында
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын 2015-жылдын 30-мартындагы кезектеги XXV сессиясынын № 01-05/152 токтомуна төмөндөгүдөй толуктоолор киргизилсин:
- Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын 2015-жылдын 30-мартындагы кезектеги XXV сессиясынын № 01-05/152 токтомуна ылайык Кочкор-Ата шаардык санитардык тазалоо, жашылдандыруу көрктөндүрүү муниципалдык комбинаты, «Кочкор-Ата шаардык санитардык тазалоо, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү муниципалдык ишкана» деп аталышы өзгөрүлсүн.
- Кочкор-Ата шаардык санитардык тазалоо, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү муниципалдык ишканасынын Жобосу № 1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
- Кочкор-Ата шаардык санитардык тазалоо, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү муниципалдык ишканасынын Жобосу Жалал-Абад областтык юстиция Башкармалыгынан кайра каттоодон өткөрүлсүн.
- «Кочкор-Ата шаардык санитардык тазалоо, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү муниципалдык ишканасы» деп каттоодон өткөрүү ишкананын директоруна милдеттендирилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын .
Кочкор-Ата шаардык Кеӊешинин төрагасы |
Ж.Токтосунов |