КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016 жылдын 22 июну № 01-05/ 262
Кочкор-Ата балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин машыктыруучуларын сыйлоо жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги XXXVII сессиясы, Кочкор-Ата шаарынын мэри К.М.Эгембердиевдин окуучулардын Республикалык Спартакиадасында Кочкор-Ата балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин областтык деңгээлде ийгилик көрсөткөн окуучуларынын машыктыруучуларын 2015-2016 окуу жылынын жыйынтыгы менен акчалай сыйлоо үчүн каражат бөлүп берүү жөнүндө кайрылуусун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 112-беренесине жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31-беренесине негиз
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаарынын мэри К.М.Эгембердиевдин кайрылуусу эске алынсын.
2. Кочкор-Ата балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин ийгилик көрсөткөн төмөндөгү 7 машыктыруучусуна ар бирине 3000 (үч миң) сомдон , жалпы 21 000 (жыйырма бир миң) сом акча каражаты жыл башында калган калдыгынын эсебинен сыйлоо үчүн берилсин:
1. Усманов Алишер
2. Паязов Надирбек
3. Бегматов Джумабек
4. Аймирзаев Аваз
5. Мамасабиров Абдурашит
6. Оморалиев Нуралы
7. Жолдошов Мирлан
3. Акча каражатын бөлүп берүү шаар мэри К.М.Эгембердиевге жана шаар мэриясынын каржы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Ж.Мамбеткуловага милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин «Бюджет, каржы, экономика, салык жана инвестиция тартуу маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кочкор-Ата шаардык Кеӊешинин төрагасы |
Ж.Токтосунов |