Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016 жылдын 22 июну № 01-05/ 264
Кочкор-Ата шаарынын татыктуу тургундарына Кочкор-Ата шаарынын «Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги XXXVII сессиясы, Кочкор-Ата шаарынын мэри К.М.Эгембердиевдин Кочкор-Ата шаарынын аялдар Кеңешинин төрайымы Акматова Анипакан Туменбаевнага жана аялдар Кеңешинин көп жылдан берки мүчөсү Марапат Бакировага Кочкор-Ата шаарынын «Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу боюнча жазган кайрылуусун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31, 37-беренелерине ылайык
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаарынын мэри К.М.Эгембердиевдин кайрылуусу эске алынсын.
2. Эгембердиевдин Кочкор-Ата шаарынын аялдар Кеңешинин төрайымы Акматова Анипакан Туменбаевнага жана мүчөсү Марапат Бакировага Кочкор-Ата шаарынын «Ардактуу атуулу» наамы ыйгарылсын.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Кочкор-Ата шаарынын мэри К.М.Эгембердиевге милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин “Мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш, Регламент, этика жана коррупцияга каршы күрөшүү маселелери боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Балыкчы шаардык кеӊешинин төрагасы |
Ж.Токтосунов |