Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016 жылдын 22 июну № 01-05/ 265
Сабыр Бегнаевдин сунушу жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги XXXVII сессиясы, шаар тургуну Сабыр Бегнаевге тиешелүү жеке менчик имаратын Кочкор-Ата шаар мэриясынын балансына сатып алуу жөнүндөгү сунушун угуп, Кочкор-Ата шаардык китепканасынын имараты жоктугуна байланыштуу, КР Президентинин Жарлыгы менен «2016-жыл- тарых жана маданият жылы» деп жарыялангандыгына карата имаратты шаардык китепкана (тарыхый музейи менен) сатып алуу жөнүндө талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31- беренесине ылайык
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаарынын тургуну Сабыр Бегнаевдин сунушу эске алынсын.
2. Имарат Кочкор-Ата шаардык китепканасы (тарыхый музейи менен) үчүн жыл башында калган калдыктын эсебинен 2 500 000 (эки миллион беш жүз миң) сомго сатылып алынсын.
3. Музейди жасалгалоого жана имаратты ремонттоого жыл башында калган калдыктын эсебинен 500 000 (беш жүз) миң сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
4. Шаардык китепкана үчүн юридикалык иш-кагаздарды даярдап, өткөрүп алуу үчүн 10 000 (он миң) сом акча каражаты жыл башында калган калдыктын эсебинен бөлүнүп берилсин.
5. Акча каражаты менен камсыз кылуу Кочкор-Ата шаарынын мэри К.М.Эгембердиевге жана каржы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Ж.Мамбеткуловага милдеттендирилсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин “Мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш, Регламент, этика жана коррупцияга каршы күрөшүү маселелери боюнча” жана «Бюджет, каржы, экономика, салык жана инвестиция тартуу маселелери боюнча» туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Кочкор-Ата шаардык Кеӊешинин төрагасы |
Ж.Токтосунов |