Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016 жылдын 22 июну № 01-05/ 266
Кочкор-Ата шаар аймагындагы орто мектептердин, БЧҮнүн бузулган парта-стулдарын ремонттоо жана БЧҮгө килем алып берүү жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги XXXVII сессиясы, Кочкор-Ата шаарынын мэри К.М.Эгембердиевдин мектептерди эмеректер менен камсыз кылуу максатында шаар аймагындагы орто мектептердин, БЧҮнүн бузулган парта-стулдарын ремонттоо жөнүндөгү, ошондой эле шаардык Кеңештин депутаты Б.Артыковдун балдар чыгармачылык үйүнүн бий залына 2 (эки) даана килем алып берүү боюнча сунушун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31- беренесине ылайык
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаарынын мэри К.М.Эгембердиевдин жана шаардык Кеңештин депутаты Базаркул Артыковдун сунушу эске алынсын.
2. Шаар аймагындагы орто мектептердин, БЧҮнүн бузулган парта-стулдарын ремонттоо жана балдар чыгармачылык үйүнө 12х5 өлчөмүндө 2 (эки) даана килем алып берүү үчүн жыл башында калган калдыктын эсебинен керектелүүчү акча каражаты менен камсыз кылуу Кочкор-Ата шаарынын мэри К.М.Эгембердиевге жана каржы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Ж.Мамбеткуловага милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин «Бюджет, каржы, экономика, салык жана инвестиция тартуу маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кочкор-Ата шаардык Кеӊешинин төрагасы |
Ж.Токтосунов |