Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016 жылдын 22 июну № 01-05/ 267
Кочкор-Ата шаарынын мэри К.М.Эгембердиевдин кайрылуусу жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги XXXVII сессиясы, Кочкор-Ата шаарынын мэри К.М.Эгембердиевдин шаарыбызда аткарылган иштерди жарыялоо үчүн массалык-маалымат каражаттарына жана представительский чыгымдары боюнча кайрылуусун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31- беренесине ылайык
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаарынын мэри К.М.Эгембердиевдин кайрылуусу эске алынсын.
2. Шаарда аткарылган иштерди жарыялоо үчүн массалык-маалымат каражаттарына 200 000 (эки жүз миң) сом жана представительский чыгымдарга 300 000 (үч жүз миң) сом, жалпысы 500 000 (беш жүз миң) сом акча каражаты 2016- жылга каралган түрдүү чыгымдын эсебинен бөлүнүп берилсин.
3. Керектелүүчү акча каражаты менен камсыз кылуу Кочкор-Ата шаарынын мэри К.М.Эгембердиевге жана каржы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Ж.Мамбеткуловага милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин «Бюджет, каржы, экономика, салык жана инвестиция тартуу маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кочкор-Ата шаардык кеӊешинин төрагасы |
Ж.Токтосунов |