Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016 жылдын 22 июну № 01-05/ 268
№28 Ч.Айтматов атындагы орто мектебинин бүтүрүүчүсү А.Курманбекованы сыйлоо жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги XXXVII сессиясы, Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын социалдык бөлүмүнүн башчысынын жогорку Республикалык тестирлөөдөн район боюнча эң жогорку балл алган №28 Ч.Айтматов атындагы орто мектебинин бүтүрүүчүсү Айгерим Курманбекованы акчалай сыйлоо жөнүндө сунушун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31- беренесине ылайык
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын социалдык бөлүмүнүн башчысынын сунушу эске алынсын.
2. Айгерим Курманбекованы сыйлоо үчүн керектелүүчү 5000 (беш миң) сом акча каражаты шаардык Кеңештин түрдүү чыгымынын эсебинен бөлүнүп берилсин.
3. Акча каражаты менен камсыз кылуу Кочкор-Ата шаарынын мэри К.М.Эгембердиевге жана каржы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Ж.Мамбеткуловага милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Кочкор-Ата шаардык кеӊешинин төрагасы |
Ж.Токтосунов |