Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016 жылдын 22 июну № 01-05/ 269
№15 Беки уулу Семетей атындагы орто мектебине электрондук чип-каттоо (видеобайкоочу менен) жана Кочкор-Ата шаар мэриясынын имаратына видеобайкооч орнотуу жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги XXXVII сессиясы, Кочкор-Ата шаарынын вице-мэринин №15 Беки уулу Семетей атындагы орто мектебине окуучулардын коопсуздугу үчүн пилоттук катары электрондук чип-каттоо (видеобайкоочу менен) жана Кочкор-Ата шаар мэриясынын имаратына видеобайкооч орнотуу жөнүндө сунушун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31- беренесине ылайык
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаарынын вице-мэри Немат уулу Жайнактын сунушу эске алынсын.
2. №15 Беки уулу Семетей атындагы орто мектебине пилоттук катары электрондук чип-каттоо (видеобайкоочу менен) орнотуу үчүн 215 550 (эки жүз он беш миң беш жүз элүү ) сом жана Кочкор-Ата шаар мэриясынын имаратына видеобайкооч орнотууга 103 500 (бир жүз үч миң беш жүз) сом акча каражаты менен камсыз кылуу Кочкор-Ата шаарынын мэри К.М.Эгембердиевге жана каржы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Ж.Мамбеткуловага милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин «Бюджет, каржы, экономика, салык жана инвестиция тартуу маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кочкор-Ата шаардык кеӊешинин төрагасы |
Ж.Токтосунов |