Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016 жылдын 22 июну № 01-05/ 270
Кочкор-Ата шаарынын мэри К.М.Эгембердиевдин кайрылуусун кароо жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги XXXVII сессиясы, Кочкор-Ата шаарынын Эл башы айлык акы албай коомдук башталышта иш алып барып жаткандыгын, өзгөчө кырдаалдарда , үй-бүлөлүк талаш-тартыштарда, коомдук тартип бузууларда күндүзү, зарылчылыгы келген учурда түнкүсүн эл көйгөйү үчүн тынымсыз шаардын булуң-бурчуна барууга туура келгендиктен, транспорт үчүн кеткен бир жылдык чыгымын төлөп берүү жөнүндөгү Кочкор-Ата шаарынын мэринин кайрылуусун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31- беренесине ылайык
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаарынын мэри К.М.Эгембердиевдин кайрылуусу канааттандырылсын .
2. Шаардын Эл башынын транспорттук чыгымына күнүнө 2 литрден бир жылга 480 литр күйүүчү майынын акча каражаты төлөнүп берилсин.
3. Акча каражаты менен камсыз кылуу Кочкор-Ата шаарынын мэри К.М.Эгембердиевге жана каржы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Ж.Мамбеткуловага милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин «Бюджет, каржы, экономика, салык жана инвестиция тартуу маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кочкор-Ата шаардык кеӊешинин төрагасы |
Ж.Токтосунов |