Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016 жылдын 22 июну № 01-05/ 271
Кочкор-Ата шаарынын вице-мэринин сунушун кароо жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги XXXVII сессиясы, Кочкор-Ата шаарынын жаңы оңдолгон Октябрьская, Луговая, Фрунзе, Первомайская көчөлөрүнө оор жүк ташуучу автоунаалардын жүрүшүнө тыюу салуу, тыюу салынуучу тиешелүү жол белгилерин койдуруп, көзөмөлдөп, айып салуу жана оор жүк ташуучу автоунаалардын жүрүшүнө уруксат берилүүчү жол маселеси чечилгиче, убактылуу Транспорт, Ленин, Тургенев көчөлөрү аркылуу жүрүүгө уруксат берүү жөнүндөгү Кочкор-Ата шаарынын вице-мэринин сунушун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31- беренесине ылайык
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаарынын вице-мэри Немат уулу Жайнактын сунушу эске алынсын .
2. Шаардагы оор жүк ташуучу автоунаалардын жаңы оңдолгон Октябрьская, Луговая, Фрунзе, Первомайская көчөлөрү аркылуу жүрүшүнө тыюу салынсын жана оор жүк ташуучу автоунаалардын жүрүшүнө уруксат берилүүчү жол маселеси чечилгиче, убактылуу Транспорт, Ленин, Тургенев көчөлөрү аркылуу жүрүүгө уруксат берилсин.
3. Жүрүүгө тыюу салынуучу тиешелүү жол белгилерин койдуруп, көзөмөлдөп, айып салуу иштерин аткаруу шаар мэриясынын муниципалдык менчикти башкаруу Департаментине милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин «Муниципалдык менчик, жер, өнөр жай, курулуш жана энергетика маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кочкор-Ата шаардык кеӊешинин төрагасы |
Ж.Токтосунов |