Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016 жылдын 22 июну № 01-05/ 272
А.Нуркамилованын кайрылуусу жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги XXXVII сессиясы, «Адилет-Юг» бейөкмөт уюмунун башчысы, Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин депутаты, “Мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш, Регламент, этика жана коррупцияга каршы күрөшүү маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын төрайымы А.Нуркамилованын Кочкор-Ата шаар мэриясынын имаратынын бир каанасында элге юридикалык кеңеш берүү, мыйзам менен байланышкан калктын көйгөйүн чечүү, шаардык Кеңештин мыйзамдуулук комиссиясынын маселелери боюнча иш алып баруусу үчүн ошол каананы арзаныраак баада ижарага берүү жөнүндө оозеки кайрылуусун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31- беренесине ылайык
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаарынын «Адилет-Юг» бейөкмөт уюмунун башчысы Нуркамилова Айгуль Апсаматовнанын оозеки кайрылуусу канааттандырылсын.
2. Кочкор-Ата шаар мэриясынын бир каанасында иш алып баруу үчүн ижара акысы айына 300 (үч жүз) сомдон төлөнүп берилсин.
3. Ижарага берүү үчүн келишим түзүп, эсеп-кысап иштерин жүргүзүү шаар мэриясынын муниципалдык менчикти башкаруу Департаментине милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин «Бюджет, каржы, экономика, салык жана инвестиция тартуу маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кочкор-Ата шаардык кеӊешинин төрагасы |
Ж.Токтосунов |